Ирактагы америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, мындан он күн мурда америкалык аскерлердин Тикрит шаарында төрт жергиликтүү адамды атып өлтүргөнү мыйзамсыз болгон. Ал тууралуу азыр тергөө жүрүп жатат. Өлкөнүн түштүгүндөгү Кут шаарында болсо төрт күндөн бери жергиликтүү эл каршылык демонстрациясын өткөрүп жумуш жана азык-түлүк талап кылууда. Фаллужа шаарында каршылык митинги өтүүдө, анын катышуучулары америкалык аскерлер бир жаш кызды камакка алганына каршылык билдирүүдө. Ал кыз кийин бошотулган. 13-январда Фаллужада дагы эки карапайым адам атып өлтүрүлдү, Багдаддын алдында болсо дагы бир америкалык тик учма атып түшүрүлдү, анын эки учкучу тирүү калды.