БИШКЕК. Ушул жылдын 15-февралында Совет аскерлеринин Ооганстан аймагынан чыккандыгынын 15 жылдыгы белгиленет. Буга байланыштуу өкмөттүн токтому менен уюштуруу комитети түзүлүп, анын төрагалыгына биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, анын орун басарлыгына Коргоо министри Эсен Топоев менен Улуттук Гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев дайындалышты. Жоокерлердин Ооганстандан чыгып кеткендигинин 15 жылдыгынын алкагында алгачкы эскерүү кечеси бүгүн Улуттук Гвардияда өтүп, ага Ооган согушунда курман болгондордун ата-энелери, жесирлери жана согуштун майыптары катышты. Ал эми 15-январда Москвада Ооган согушунун ардагерлери жолугушуп, жоокерлердин Ооганстандан чыккан күнүн белгилөөнү уюштуруу маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу Улуттук Гвардиянын маалымат кызматы билдирди.
Ооган согушуна Кыргызстандан 7141 жоокер катышып, алардын 252си курман болуп, төртөө дарексиз жоголгон. 585и майып болуп, 1500ү жаракат алышкан.
Ооган согушуна Кыргызстандан 7141 жоокер катышып, алардын 252си курман болуп, төртөө дарексиз жоголгон. 585и майып болуп, 1500ү жаракат алышкан.