Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Депутат Ишенбай Кадырбеков тележурналист Эркин Туралиевди эмнеге сотко берди?


БИШКЕК. 26-январда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун доо арызын кароого киришет. Ишенбай Кадырбеков журналист Эркин Туралиевди былтыр 15-сентябрда эфирге чыккан анын «Эркин тоо» аттуу автордук программасы үчүн сотко берген. Журналист КООРТ телеканалы аркылуу чыгарган берүүсүндө депутат Ишенбай Кадырбековдун ишмердүүлүгү тууралуу баяндаган. Эркин Туралиев жана анын маектештери келтирген дооматтарды негизсиз деп эсептеген И. Кадырбеков «адамдык абийиримди, арнамысымды басмырлады жана ишкердик беделиме доо кетирди» деп, 30-сентябрда сотко доо арыз менен кайрылган. Арызда көрсөтүлгөнгө караганда, доогер моралдык чыгымдын өлчөмүн 300 миң сом менен өлчөгөн.

XS
SM
MD
LG