Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Кыргызстанда маркетинг стратегиясынын бет ачаары болду


БИШКЕК. Президенттин чет өлкөдөн инвестицияларды тартуу боюнча өкүлүнүн катчылыгы маркетинг стратегиясынын бет ачаарын өткөрдү. Ага арналган семинар 13-январда Бишкекте «Карана» корпорациясынын көмөгү менен өттү. Семинарда Эларалык өнүгүү боюнча Америка агенттигинин (ЮСАИД) колдоосу менен «Карана» корпорациясынын маркетинг багытындагы иликтөөлөрү талкууга алынды. Талкуу учурунда эларалык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандын өкмөтүнө ишти илгерилетүү максатында бир катар сунуштарын айтышты. Семинар «Дүйнөгө Кыргызстан ачык!» деген ураандын астында өтүп, аны президенттин инвестицияларды тартуу боюнча өкүлү, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ачты. Негизги докладды эларалык «Карана» корпорациясынын президенти Эдуардо Тугендхат жасады.

XS
SM
MD
LG