Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Парламентте энергетика тармагын текшерүү боюнча чечим кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын электр энергиясын өндүрүп, сатуу жана республикадагы газ тармагын текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны болду. Ага өкмөттүн жооптуу өкүлдөрү жана депутаттар катышышты. Отурумдун чечимине ылайык депутат Болот Шерниязов баштаган топ «Түндүк электр», Кыдыкбек Исаев баштаган топ «Чыгыш электр», Бакирдин Жолчиев «Ош электр» жана «Жалалабад электр», ал эми Давран Сабиров жетектеген топ «Кыргызгаз» тармагын текшере турган болушту. Депутаттык комиссия өз ишинин жыйынтыгын Эл өкүлдөр жыйынынын жазгы сессиясына алып чыкмай болду.

XS
SM
MD
LG