Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Баткен облусунун бийлиги бүгүн премьер-министр Н.Танаевге кат жолдоду


БАТКЕН. Облустук акимчиликтен 14-январда алынган маалыматка караганда, катта Өзбекстан аркылуу каттаган Кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалар жана автобустар үчүн өзгөчө режим киргизилгени айтылган. Быйыл 9-январдан тартып Баткен облусунан Бишкек шаарына каттаган автобустардан Өзбекстандан бир жолу өткөнү үчүн 300 доллар алына баштаган. Өкмөткө жолдонгон катта, ушундан улам жол кирелер 500 сомдон 800 сомго көтөрүлүп, коңшулардын бул кадамы ансыз деле жакыр жашаган элдин нараазылыгын пайда кылып жатканы маалымдалган. Ошондой эле облус бийлиги өкмөт башчысынан коңшулардын өздөрүнө жараша чара көрүү максатында Өзбекстандын Кыргызстан аркылуу өткөн автоунаалары үчүн да ушундай тартипти киргизүү тууралуу чечим кабыл алуусун өтүнгөн. Мындан сырткары, мындай тартип облустун Өзбекстанга чектеш айылдарындагы калкын бир топ түйшүккө салып жатканы айтылып, өзбек анклавдарын айланып өтүүчү жолду оңдоого каражат бөлүү жагы да суралган.

Кабарларды Айданбек Акмат уулу менен Азиза Турдуева даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG