БИШКЕК. Чолпоната шаарында Ысыккөлдүн экологиялык-маалымат борбору түзүлөрү айтылууда. Ага байланыштуу жыйын 14-январда Чолпоната шаарында премьер-министр Николай Танаевдин катышуусу менен өттү. Жыйында экологиялык маалымат борборун түзүүгө даярдыктар жөнүндө сөз болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Борбор Ысыккөлдө туризмди өнүктүрүү саясатынын негизинде түзүлүүдө.