БИШКЕК. Парламенттин айрым депутаттарынын бөлмөлөрүнөн жашыруун тыңшоочу аппараттардын табылгандыгы жөнүндө маалыматты төрага Абдыганы Эркебаев ушул эле 14-январь күнү президент Аскар Акаевге маалымдады. Эртең – 15-январда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны кыска мөөнөттөгү тыныгуудан кийинки өз ишин баштайт. Палатанын иши айрым депутаттардын бөлмөлөрүндө жашыруун тыңшоочу аппараттардын табылышына байланыштуу маселени кароодон башталат. Мындай чечим Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин жана палатанын комитеттеринин төрагаларынын катышуусу менен 14-январда чукул чакырылган жыйында кабыл алынды. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын 15-январдагы отурумуна президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов жана башка өкмөт мүчөлөрү чакырылды.
Парламенттен тыңшоочу аппараттардын табылганы боюнча маселе Мыйзам чыгаруу жыйынында каралат