Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттар табылды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын беш депутатынын парламенттеги иш бөлмөлөрүнөн 14-январда жашыруун тыңшоочу аппараттар табылды. Адегенде андай аппарат Исмаил Исаковдун кабинетин жууп-тазалоо учурунда табылган. Бул маалыматтан кийин депутаттар Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаев, Абсамат Масалиев жана Азимбек Бекназаров өз кабинеттерин текшерип, аларга да тыңшоочу аппараттар орнотулганы аныкталды. Депутат Исмаил Исаков бул ишти «мыйзамсыз» деп атап, ага жол берген Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) төрагасы Калык Иманкулов, Конституциянын кепили болгон президент Аскар Акаев Конституцияда белгиленген атуулдардын сүйлөшүүсүнүн, катынын жашыруундугун кепилдей албагандыктан кызматтан кетүүгө тийиш экенин билдирди. Депутат Ишенбай Кадырбеков «бул ишти Улуттук коопсуздук кызматы жасаган» деп, анын жетекчилиги кызматтан кетиш керек деген пикирин айтты. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Чынара Капарова УККнын бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин «Азаттык» радиосуна маалымдады.

XS
SM
MD
LG