Европа Союзунун өкүлү Хавьер Солана Ооганстанды реконструкциялоо боюнча тезинен эл аралык конференция өткөрүүгө чакырды.
Х. Солана Ооган жетекчилиги менен шаршемби күнү Кабулда өткөн жолугушууда ал жыйында Ооганстандагы коопсуздук, кайра куруу жана демократия маселесин талкуулоону сунуш кылып, президенттик жана парламенттик шайлоонун быйыл жайдан кечиктирлбей өткөрүлүшүн колдоду.
Ооганстандын тышкы иштер министри Абдулла Абдулла шайлоону кечиктирбей өткөрүү азыркы өкмөттүн башкы максаты экенине токтолду:
- Ооганстан жана эл аралык коомчулук бар аракетин азыр шайлоолорду өз маалында өткөрүүгө жеткендей каражатты топтоого жумшаш керек. Бул жалпы максатыбыз. Биз саясый өнөктүктү мөөнөтүндө өткөрүү үчүн колубуздан келген бардык иштерди жасайбыз.
Байкоочулар ооган жеринде жаатташтык согушу токтобой жатканга жана бүгүнгө чейин шайлоочулардын үч гана проценти катталганга байланыштуу, шайлоо мерчемделген убакта өтөрүнөн күмөн санашат.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Амирбек Азам уулу