Стокольм шаарында Швециянын тышкы иштер министри Анна Линдх айымды өлтүргөн адамдын соту уланууда.
Швецияда төрөлөгөн, теги сербиялык 25 жаштагы Мижайло Мижайлович өткөн аптада сотто айтканга караганда, ал көптөгөн үндөрдү, анын ичинде Иса пайгамбардын буйругун угуп, Линдх айымды өлтүргөн.
Шаршемби күнү Мижайловичтин адвокаты ушул сөздү бетке тутуп, “өлтүрүү атайын пландаштырылбагандыктан, бул жаңылып-адашуу болду” деп, айыпкердин жаза мөөнөтүн жеңилдетүүнү сурады.
Сот Мижайловичти өмүр бою эркинен ажыратышы же жиндиканага дарыланууга жөнөтүшү мүмкүн.