Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Ирак: Бакуба шаарчасындагы жардыруудан 2 адам өлүп, кеминде 20 полицай жарадар болду


Ирактын ортолук бөлүгүндөгү Бакуба шаарчасындагы полицайканада автомобилге жашырып коюлган бомба жарылды. Маалыматка караганда, жардыруудан эки адам өлүп, аз дегенде 20 полицай жарадар болгон.
Америкалык полковник Уилям Адамс бомба чабуулу жөнүндө буларды билдирди:
- Бүгүн таң эртең Бакубадагы тез аракеттенүүчү күчтөрдүн унаа бекетинде жашыл түстөгү “Тойота Корона” маркасындагы автомобилге коюлган бомба жарылды. Жардыруудан өлгөн жана жарадар болгон адамдардын саны такталууда. Бул акыркы үч күндө Бакубадагы ирак полициясына каршы жасалган төртүнчү чабуул болду.

XS
SM
MD
LG