Ага уюмга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышат. Жыйында негизинен уюмду чыңдоо жана өнүктүрүү жолдору талкууланат. Шанхай кызматташтык уюму терроризмге, диний экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөштө регионалдык кызматташтыкты өркүндөтүү максатында 2001-жылы түзүлгөн. Уюмга Кытай, Россия жана борборазиялык төрт өлкө - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.