Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Ирандын диний лидери реформаторлорду колдоду


Аятолла Али Хаменеи ислам революциясынын көзөмөл кеңешине кайрылып, эмдиги айдагы парламенттик шайлоого байланыштуу кабыл алынган чечимди өзгөрткөнгө чакырды. Өлкөдөгү бийлик стуруктураларынын ишине контролдук жүргүзгөн көзөмөл кеңеши үч миңге чукул талапкерге шайлоого катышканга тыюу салган эле. Президент Мохаммад Хатами көзөмөл кеңеши ирандыктарга шайлоого эркин катышканга укук берген конституциялык нормаларды бузуп жатат деп билдирген эле. Реформачыл маанайдагы депутаттар парламентте төрт күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG