Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:22

Эларалык валюта кору Кыргызстанга кезектеги насыя акча бөлдү


БИШКЕК. Эларалык валюта кору 2001-жылы кабыл алынган 3 жылдык программанын алкагында Кыргызстанга 14 млн. 300 миң доллар насыя берүү тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим 14-январда Вашингтондо өткөн Эларалык валюта корунун аткаруу комитетинин жыйынында жактырылган. Бул тууралуу 15-январда Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
ЭВК жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү боюнча 3 жылдык программанын алкагында Кыргызстанга 110 млн. доллар кредит бөлүүнү чечкен жана анын 81 млн. 300 миңи Кыргызстандын колуна тийген.

XS
SM
MD
LG