БИШКЕК. Кышкы танапистен кийин бүгүн алгачкы отурумга чогулган Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары төрт депутаттын иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппараттын табылышы боюнча маселени талкуулады. Ага Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов, Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, Башкы прокурордун орун басары Рустанбек Исаев катышты. Тыңшоочу аппараттардын табылышын төрага Абдыганы Эркебаев мындай баалады: Мындай кадам Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамга каршы келет. Мен мындай көрүнүштөрдү чечкиндүү түрдө айыптаймын, - дейт Абдыганы Эркебаев. Маселени талкуунун жүрүшүндө эларалык көз карандысыз комиссия түзүп, иликтөө сунушталды. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов тыңшоочу аппараттарды УКК койгон деген айыптоолорду четке кагып, бул - шайлоо алдында уюштурулган акция болушу ыктымал деген оюн билдирди.