Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Иракта Саддам Хусейндин куралдуу 7 тарапкери өлтүрүлдү жана шииттер нааразылык акциясын өткөрүштү


Иракта Саддам Хусейндин куралдуу 7 тарапкери өлтүрүлдү. Америкалык аскердик жетекчиликтин маалыматына караганда, Баакуба шаарынын жанындагы атышууларда 6 киши, Тикриттин тегерегинде 1 киши окко учту. Мындан тышкары, Ирактын Басра шаарында нечен түмөн шииттер бүгүн өздөрүнүн башчысы Аятолла aс-Систаниге колдоо көрсөтүп көчөгө чыгышты. Ал бийликти өткөрүп берүүнүн америкалык планына каршы чыгып, тез арада шайлоо өткөрүүнү талап кылып жүрөт. Ал эми АКШнын планы боюнча, Иракта быйыл июнда убактылуу өкмөт ишке киришип, шайлоонун өзү кийинки жылы өтмөкчү. Ас-Систани өкмөттү дайындоого да каршы чыгууда.

XS
SM
MD
LG