Евросоюзга ушу тапта төрагалык кылып жаткан Ирландиянын тышкы иштер министри Брайан Коэн Тел-Авив университетинде сөз сүйлөп, Израилди эл аралык “жол картасы” планына ылайык палестин тарабы менен сүйлөшүүлөрдү жандантканга чакырды. Жөөт өкмөтүнүн саясаты Евросоюзда сынга алынып жатканы, Коэн ырастагандай, эски материктегилердин Израилге кусаматчылыгын билдирбейт, тетирисинче, региондогу жаңжалды жөнгө салууга кызыкдар экендигин көрсөтөт.