Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымында, өпкөнүн өзгөзө сезгенишине алып келген вирус виверра аттуу мышык сыяктуу жаныбар аркылуу тарашы мүмкүн. Окумуштуулар өткөргөн изилдөөнүн натыйжасында ал вирус - виверранын жапайы түрүндө дагы, кытай ресторандарында эт үчүн багып-өстүрүлгөн жаныбарларда да табылган. Кээ бир кытайлар виверранын этин жакшы көрөт. Өпкөнүн өзгөчө сезгенишининен былтыр дүйнөдө сегиз жүзгө жакын адам өлгөн.