Орусия менен Казакстандын коргоо министрлери Сергей Иванов жана Мухтар Алтынбаев бүгүн Маскөө шаарында атайын келишимге кол койду. Ага ылайык, эки өлкө өзүнүн куралдуу күчтөрүн жалпы максатта биргелешип пайдаланат. Мурда Казакстан өзүнүн аскерий түзүлүштөрүн НАТОнун жардамы менен роформалоо тууралуу АКШ, Алмания жана Британия менен макулдашкандыктан, Астана менен Маскөө ортосундагы мамиле кыйындаган.