Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

НАТОнун жаңы баш катчысы Босния менен Косового келди


НАТО уюмунун жаңы шайланган баш катчысы Яап де Хооп Схеффер бүгүн Косового келип, ал жердеги НАТО аскерлери менен жолукту. Кечээ күнү Схеффер Боснияда болуп, өлкө жетекчилери менен аскерий кылмышкер деп таанылган Радован Каражичти кармоо маселесин талкуулады. Ич-ара согуш учурунда Каражич Босниянын ичинде өзүнчө серб жумуриятын түзүп, кошуна Сербиянын ал кездеги жетекчилигинин жардамы менен миңдеген мусулманды өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүүдө.

XS
SM
MD
LG