Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 12:35

Берлинде евроконституциянын талаштуу маселелери талкууланды


Талкууга Германиянын, Франциянын жана Польшанын тышкы иштер министрлери катышты. Жолугушуудан соң Польшанын министри Влоджимеж Чимошевич конституциянын долбоорундагы талаштуу маселелер боюнча бир нече аптадан соң тараптар өз ара мунасага келиши мүмкүн деп билдирди. Декабрдагы саммитте Польша менен Испаниянын каршылыгынан улам союздун жетекчилери долбоордун айрым пункттары боюнча бир пикирге келе алган эмес эле.

XS
SM
MD
LG