Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Иран парламентинде нааразылык акциясы уланууда


Реформачыл депутаттар бүгүн ачкачылык жарыялаганы жатышат. Алар үч миңге чукул либералдык маанайдагы кандидаттарды эмдиги айдагы шайлоодон четтеткен көзөмөл кеңешинин чечимин өзгөртүүнү талап кылышууда. Кеңештин өкүлдөрү чечимдин айрым пункттарын кайра карап чыкканга убада беришкен эле. Бирок межилистин вице-спикери Мохаммад Реза Хатами депутаттар кандай болсо да өлкөдө эркин шайлоо өткөргөнгө жетише тургандыгын билдирип, мунасадан баш тартты.

XS
SM
MD
LG