Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Иракта азыр шайлоо үчүн шарт жок


Коалициялык администрациянын башчысы Пол Бремер ООНдун баш катчысы Кофи Аннандай эле оккупациялык бийликтер да быйылкы жылдын 30-июнуна чейин шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деп эсептей тургандыгын белгиледи. Ошол эле учурда Ак үйдүн өкүлү Скотт Маклеллан Кошмо Штаттары бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү үчүн даярдык иштерин ыкчамдатып жаткандыгын ырастады. Былтыр 15-декабрда кол коюлган келишимге ылайык, быйыл майда өткөөл парламент түзүлүп, ал Ирактын убактылуу өкмөтүн дайындоого тийиш. Бул планга ирактагы шийиттердин адыйы аятолла Али ал-Систани каршы чыгып, жакынкы айларда жалпы элдик шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG