Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Лейлек районундагы үйлөрдү жана жерлерди Тажикстандын атуулдары жапырт сатып алууда


БАТКЕН. Лейлек райондук акимчилигинен алынган маалыматка караганда, Тажикстан менен чектешкен айылдардагы 62 турак үй жана жер участоктору Тажикстандын атуулдарына сатылгандыгы аныкталды. Маселен, Жаңыжер айыл өкмөтүнүн борбордук айылында кыргыз атуулдарына үй курууга берилген 34 жер участогу Тажикстандын атуулдарына мыйзамсыз сатылган. Мындан тышкары райондун Жаштык, Интернационал айылдарында да мурда курулган 28 менчик үй Тажикстандыктарга мыйзамсыз сатылып кеткен. Учурда бул иштин чоо-жайын райондук прокуратура териштирүүдө.

XS
SM
MD
LG