БИШКЕК. Бүгүн «Пинара» мейманканасында Кыргызстан менен Индиянын ишкерлеринин жолугушуусу учурунда Кыргызстандын экспорттук ассоцациясынын төрагасы Кубанычбек Касымалиев менен Индиянын экспорттук федерациясынын башкы директору Гопалан Балачандрам эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Индия тараптан сунушталган 18 фирма Кыргызстанда курулуш, өнөр жай, айыл чарба, компьютердик технология, медицина жана байланыш тармактарын өнүктүрүү багытында иштешмекчи.