Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Жапонияда


БИШКЕК. Бүгүн Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Жапониядагы иш сапары башталды. Бул тууралуу 16-январда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Аскар Айтматов Жапониянын Тышкы иштер министри Йорико Кавагучи (Yoriko Kawaguchi) менен жолугушту. Жолугушуу учурунда эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери талкууланып, өлкөнүн президенти Аскар Акаевдин быйыл Жапонияга күтүлүп жаткан иш сапары тууралуу сүйлөшүү болду. Ошондой эле Ооганстан менен Ирак маселеси талкууланды. Аскар Айтматов Жапониядагы 21-январга чейин болуучу иш сапары учурунда Жапониянын Экология министри Ю. Коике, Экономика жана өнөр-жай министрлигинин жетекчилери, кыргыз-жапон экономикалык кызматташтык комитетинин төрагасы Томиичи Акияма жана жапон парламентинин депутаттары менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG