ТАЛАС. Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, президент Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен 17-январда Талас облусуна барышып, улуттук «Манас ордо» комплексинде айкөлдүн арбагына куран окушат. Ал жерде «Манас ордо» комплексин өнүктүрүү боюнча өкмөт тарабынан иштелип жаткан башкы пландын долбоору талкууланат. Андан кийин Аскар Акаев облусттук жетекчилер менен жолугуп, сөз сүйлөйт. Жолугушууда негизинен быйыл август айында белгиленүүчү Талас шаарынын 60 жылдык мааракесине даярдык тууралуу кеп козголмокчу. Өкмөттүн токтомуна ылайык, облустагы 30га жакын социалдык объектилер министрликтер, мекеме-уюмдар жана ири ишканалар тарабынан жакшыртылаары каралган.