Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:41

М.Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалы Бишкекте ачылмакчы


БИШКЕК. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу тууралуу келишимге окуу жайынын жетекчилери кол коюшту. Бул тууралуу ишембиде КУУнун басма сөз кызматкери Нурбүбү Ашымбаева билдирди. Анын айтымында, филиалга 25 абитуриент кабыл алынып, сентябрь айынан баштап бюджеттик негизде окуй баштайт. Алардын чыгымын Орусия тарап каржылайт. Ошондой эле, Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жана Африка институту жана КУУнун алдындагы «Эл аралык билим берүү программасын интеграциялоо» институту кадр алмашуу, студенттерди даярдоо боюнча кызматташтык тууралуу келишим түзүштү.


Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Аманбек Жапаров даярдашты

Редактор – Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG