Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Депутат А.Бекназаровдун арызы Конституциялык Сотто жакында каралышы ыктымал


БИШКЕК. 1999-жылы президент Аскар Акаев «Кыргызстандын паспорттук системасын өнүктүрүү чаралары тууралуу” жарлыкка кол койгон. Жарлыктын Башмыйзамга туура келээр-келбесин аныктоо максатында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров Конституциялык Сотко арыз берген. Арызды Конституциялык Сот 22-январда карай турган болду. Бул тууралуу Азимбек Бекназаров ишембиде «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, президенттин сөз болуп жаткан жарлыгы Конституцияга, 2002-жылы кабыл алынган «Ички миграция жөнүндөгү» мыйзамга жана Адам укуктары боюнча жалпы декларация баш болгон бир катар эл аралык келишимдерге, конвенцияларга жана пактыларга каршы келет. «Президенттин жарлыгын жокко чыгаруу менен эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деди Азимбек Бекназаров.

XS
SM
MD
LG