Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Жапон өкмөтү Кыргызстанга эки долбоор боюнча грант бөлдү


БИШКЕК. Кечээ Кыргызстандын Финансы министрлигинде Жапония өкмөтү тарабынан Кыргызстанга берилүүчү эки грант боюнча келишимге кол коюлду. Ага финансы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Тошио Цунодзаки, билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурова, саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Алиев катышты. Жапон өкмөтү Кыргызстанга «Айыл жерлериндеги балдардын ден соолугун чыңдоо» долбоору боюнча 3 миллиондон ашуун доллар бөлгөн. Экинчи долбоор боюнча 300 миңден ашуун доллар өлчөмүндөгү жардам Улуттук китепканага берилет. Буга чейин жапон өкмөтү тарабынан Кыргызстандын медицина тармагына 4 долбоор, маданият тармагына 3 долбоор боюнча гранттар бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG