Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Укук коргоочу өзүнө кысым көрсөтүлүп жатканын маалымдады


БИШКЕК. Кыргызстандагы уйгурлардын «Демократия» аттуу укук коргоо уюмунун төрагасы Турсун Исламга Улуттук коопсуздук кызматынын 9-бөлүмүнүн кызматкерлери эскертүү жасашууда. Бул тууралуу Турсун Ислам «Азаттыкка» бүгүн маалымдады. Анын айтымында, коопсуздук кызматкерлери укук коргоочудан “уйгур улутундагы кытайлык атуулдар өлкөдөн Кытайга негизсиз кайтарылууда” деген маалыматтарды таркатууну токтотуусун талап кылышууда. Өткөн жумада «Демократия» укук коргоо уюму Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысына, АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Орусиянын жана Түркиянын президенттерине кайрылуу жолдогон. Кайрылууда уюм “кытай өкмөтү уйгурларга каршы жүргүзгөн геноцид саясатын токтотууга көмөктөшүүнү” өтүнгөн. Мындан тышкары, уюм кыргыз өкмөтүн да “Кыргызстанга келген уйгурларды мыйзам бузуу менен Кытайга кайтарып жатат” деп күнөөлөгөн.


Алатоо кабарларын Бишкектен Азиза Турдуева даярдады.

Тексттин редактору – Бекташ Шамшиев.

XS
SM
MD
LG