Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:25

Эртеңден тартып адвокаттар жана укук коргоочулар Кыргызстандагы сот жараяндарына көз салмак болушту


БИШКЕК. Эртеңден тартып Кыргызстанда 15 адвокат жана укук коргоочу өз алдынча байкоо жүргүзүш үчүн жер-жерлерде сот жараяндарына катыша башташат. Бул жөнүндө бүгүн Америкалык юристтер ассоциациясынын кызматкери Анвар Муканбаев маалымдады. Адвокаттар менен укук коргоочулар өлкөдө соттук териштирүүлөрдүн учурунда орун алган мыйзам бузууларга, айыптоочулар менен адвокаттардын укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүшөт. Буга чейин алар АКШнын Юристтер ассоциациясынын демилгеси менен Бишкекте уюштурулган үч күндүк семинарда сот жараяндарынын жүргүзүлүшү боюнча мониторинг өткөрүүнүн тартиптерин үйрөнүшкөн. Кыргызстанда алгачкы ирет жүргүзүлгөн бул мониторинг 6 айга чейин созулат. Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары адилет сот жараянына кепилдик берген эл аралык конвенцияларды ратификациялаган.

XS
SM
MD
LG