Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Финляндиянын тышкы иштер министри эртең Кыргызстанга иш сапар менен келет


БИШКЕК. Эртең Кыргызстанга иш сапары менен Финляндия Республикасынын тышкы иштер министри Эркки Туомиойя келет. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. Финляндиянын тышкы иштер министри Бишкекте президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков менен жолугушат. Тараптар Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG