Бул тууралуу Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын жогорку даражалуу өкүлү Ханне Северисен билдирди. Ал бүгүн Киевдеги сүйлөшүүлөрдүн учурунда украин бийликтери менен Конституцияга президенттин жалпы эл тарабынан эмес, парламент тарабынан шайланышын караган өзгөртүүнүн киргизилип жатышына байланышкан маселелерди талкууламакчы. Мындай өзгөртүүнү оппозиячыл депуттардын каршылыгына карабай, украин парламенти жакында биринчи окуудан жактырган. Анын соңунан Конституциялык сот азыркы президент Леонид Кучма президенттик шайлоого үчүнчү мөөнөткө катышат алат деген бүтүм чыгарды.