Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

АКШнын жана Ирактын расмий өкүлдөрү БУУнун башкатчысы менен жолугат


Нью-Йорктогу сүйлөшүүлөрдө Улуттар Уюмунун Ирактагы саясий жараянга катышуусуна байланышкан маселе талкууланмакчы. Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремер жана Башкаруу кеңешинин өкүлдөрү БУУнун башкатчысы Кофи Аннандан бийликти быйыл июнь айынын соңунда ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүнү караган америкалык план боюнча талаштарды жөнгө салууда жардам берүү өтүнүчү менен кайрылаары күтүлүүдө. Маселен Ирактагы шийиттердин диний лидери улуу аятолла Али ас-Систани жалпы элдик шайлоону тезирэк өткөрүү чакырыгы менен чыгууда. Ал эми Багдадда кечээ болгон жарылуудан кеминде 23 адам каза тапты. Жанкечти айдаган автоунаа АКШ жетектеген коалициянын Багдаддын борборундагы кеңселеринин алдында жарылган. Курман болгондордун көпчүлүгү ирактыктар экени айтылууда. Бул - өткөн айда Саддам Хуссейн кармалгандан бери эң кандуу чабуул. Багдадан башка Кербала шаарында да кечээ орун алган жарылуудан 13 адам жаракат алды.

XS
SM
MD
LG