Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Финляндиянын тышкы иштер министри Кыргызстан Хельсинкинин Борбор Азиядагы башкы өнөктөшү бойдон калаарын билдирди


Бүгүн Бишкекте Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиоя Кыргызстандын Шайлоо кодексине киргизиле турган өзгөрүүлөр тууралуу тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, Шайлоо кодексине киргизиле турган алымча-кошумчалар өлкөдөгү шайлоо процессин мурдагыдай ачык кылбай тургандыгын билдирген Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун пикирине Финляндия да кошулат. Эркки Туомиоя Бишкекте президент Аскар Акаев жана башка расмий адамдар менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң Кыргызстанда атуулдук коомду өнүктүрүүдө жылыштар бар экенин белгиледи. Мындан тышкары, финляндиялык дипломат Кыргызстан Хельсинкинин Борбор Азиядагы башкы өнөктөшү болуп кала берээрин да ырастады. Кыргызстанда 2000-жылы өткөн президенттик жана парламенттик шайлоолор Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму тарабынан бир топ сынга алынган.

XS
SM
MD
LG