Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Швеция менен Израилдин ортосундагы чуулгандуу окуянын чыры бүтө элек


Швециянын Тышкы иштер министрлиги израилдик элчи Стогкольм музейиндеги маданий эстеликке зыян келтиргендиги үчүн Израилден түшүндүрмө берүүнү талап кылды. Анткени жума күнү Израилдин элчиси Зви Мазель сүрөтчү Дрор Фейлер жасаган инсталляцияны лампа менен уруп талкалаган. Инсталляцияда канга чыланган көлмөдө палестиналык жанкечти террорист-аялдын өлүгү көрсөтүлгөн болчу. Мазелдин пикиринде, бул көркөм чыгарма израилдиктердин намысына тиет.
- Бул инсталляция жанкечти террористтерди, кыргынды, болгондо да менин элимди кыргандарды толугу менен актап жатат, - дейт Израилдин Швециядагы элчиси Зви Мазель. Швециянын Израилдеги элчиси Роберт Ридберг болсо израилдик дипломаттын аракетин сынга алды.
Бул окуя көркөм өнөрдү натуура чечмелеген түркөйлүктүн натыжайсы. Бул чыгарма, балким, өтө эле начар табит менен жасалган болушу мүмкүн, бирок ал жанкечти-террористтерди эч кандай актабайт-этпейт, - деди Роберт Ридберг. Эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык жаңжал эмне менен аяктай турганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG