ТАЛАС. Бүгүн облустук прокуратурада республикалык прокуратуранын өкүлдөрүнүн катышуусу менен былтыркы жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Тергөө бөлүмүнүн башчысы Абдумиталип Нарматовдун билдиргенине караганда, облус боюнча былтыр кылмыштуулук 2002-жылга караганда 17,9% аз катталган. Катталган кылмыштардын бетин ачууда 2002-жылга салыштырганда 3,3% жакшырган. Оор кылмыштар, элдин тынчын алып жаткан мал уурулук да аз болуп, алардын бетин ачуу жакшыргандыгы белгиленди.