Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:13

Укук коргоочу Р.Дырылдаев парламенттеги тыңшоочу аппараттардын орнотулушун Улуттук коопсуздук кызматынан көрөөрүн айтты


БИШКЕК. Кыргыз парламентинин оппозициялык көз караштагы депутаттарынын иш бөлмөлөрүнө тымызын тыңшоочу аппараттардын коюлушуна өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы күнөөлүү. Бул кызмат түздөн-түз президентке баш иет. Ошондуктан, бул иш жогорку бийлик өкүлдөрүнүн көрсөтмөсү боюнча жасалган. Укук коргоочу Рамазан Дырылдаев бүгүн Венадан «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди.
- Парламенттеги тыңшоочу аппараттарды Улуттук коопсуздук кызматы гана коюшу мүмкүн. Анткени мындай аппараттар коопсуздук кызматында гана болот. Ал эми “үчүнчү күч”, “мындай аппараттар Улуттук коопсуздук кызматында жок” деген сөздөр калп. “Үчүнчү күч” болсо, Иманкулов эмдигиче таппайт беле?»
Ал эми биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов буга чейин “тыңшоочу аппараттар өкмөттүк органдар тарабынан коюлган жок” деп расмий билдирген. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев “тыңшоочу аппараттар Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан коюлушу ыктымал” деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG