БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиойя келди. Ушул эле күнү ал президент Аскар Акаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Президент Аскар Акаев менен Эркки Туомиойя Кыргызстан менен Финляндиянын ортосунда саясий, коопсуздук маселелер боюнча кайчы пикирлер жоктугун билдиришти.