БИШКЕК. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын былтыр аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу анын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, 2002-жылга салыштырмалуу 2003-жылы Бишкек шаарында коомдук тартипти бузуу жана кылмыштуулуктун саны 0,8% азайган, ал эми кылмыштардын бетин ачуу 84,6% өскөн. Ошол эле учурда шаардык ички иштер башкармалыгынын 330 кызматкери кызмат абалынан пайдаланып, тартип бузууга барганы үчүн алардын 63 кызматтан четтетилип, 18 кылмыш иши козголгон. Өткөн декабрь айында Бишкек ИИБнын оперативдик иштер боюнча орун басары Мелис Тургунбаев кызмат тартибин бузгандыгы үчүн ички иштер министринин буйругу менен ишинен алынган. Кызматтык иликтөөдө факт такталган жок. “Ошондуктан министрдин буйругу жокко чыгарылып, Тургунбаев мурунку ордунда иштеп жатат”, деди Кеңешбек Дүйшөбаев.