БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев өзүнүн кийинки президенттик жана парламенттик шайлоого барары же барбасы тууралуу ноябрь айларында жарыяламакчы. Бул туурасында ал бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Башмыйзамга партиялык тизмелер боюнча пропорционалдык системаны киргизүүнүн кажети жок. Өткөн парламенттик шайлоодо Абдыганы Эркебаев бир мандаттуу округдан шайлоочулардын жетиштүү добушуна ээ болбой калгандыктан, партиялык тизме боюнча депутаттык мандатка ээ болгон.
А.Эркебаев президенттик же парламенттик шайлоолорго катышаар-катышпасын кийин айтмак болду