Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:40

Мыйзам чыгаруу жыйынында шайлоолор жана референдумдар тууралуу мыйзам долбоору талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо, референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин маалыматы боюнча, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу шайлоо жана референдум боюнча жаңы мыйзамдын долбоору редакцияланып Жогорку Кеңешке сунушталган. Талкууда көпчүлүк депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратын Өкмөт Үйүнөн башка жакка которуусун жана анын көз карандысыз мамлекеттик орган болушун мыйзамга киргизүү сунушун айтышты. Мындан тышкары, депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясына 21 жаштан 25 жашка чейинки атуул мүчө болушун сунуш кылышты. Алар Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана бийлик өкүлдөрүнүн, жогорку кызматтагылардын мүчө болуусуна каршы болушту.

XS
SM
MD
LG