Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Өзбекстан убактысынча ЯК-40 үлгүсүндөгү учактарга авиокаттамдарды аткартбайт

"Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясынын жетекчилиги 13 январдагы кырсыкка байланыштуу ушундай чечимге келген. Анда Термез-Ташкент каттамындагы учактын аба майданына коноор алдындагы кыйроосунан анын бортундагы 37 адамдын баары мерт болгон эле. ЯК-40 учактары эми толук техникалык кароодон өтүп, 13-январдагы кырсыктын себептерин иликтеп жаткан өкмөттүк комиссия өз жыйынтыгын бергенге чейин колдонулбайт.
XS
SM
MD
LG