Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Улуттар уюму Иракка эксперттерди жиберүү маселесин караштырууда


Бул тууралуу БУУнун башкатчысы Кофи Аннан билдирди. Аннандын айтымында, азырынча чечим кабыл алына эле жана маселе алдыда да талкууланмакчы. Улуттар уюмунан Иракта тез шайлоо өткөрүү же өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүүнүн башка жолдору боюнча кеңеш берүүчү топту жиберүүнү АКШнын жана Ирактын расмий өкүлдөрү өтүнүштү. Башкатчы Кофи Аннан Нью-Йорктогу кечээги жолугушуудан соң буларды айтты:
- Башкаруу кеңешинин да, коалициялык администрациянын да өкүлдөрү БУУ Иракка бир нече айдын аралыгында шайлоо өткөрүү, эгер андай болбосо башка мүмкүнчүлүктөр боюнча кеңеш берүүчү миссиянын тезирээк жиберилишин кааларын билдиришти.
Ирактын Башкаруу кеңешинин азыркы төргасы Аднан Пачачинин айтымында, шайлоо өткөрүү маселеси февраль айынын соңуна чейин чечилиши керек. Мунун аралыгында кечээ Багдадда миңдеген, такталбаган маалыматтар боюнча 100миңдей шийиттер өкмөттү түзүү үчүн шайлоону тезирээк өткөрүү талабы менен тынч демонстрацияга чыгышты.

XS
SM
MD
LG