НАРЫН. Бул тууралуу 20-январда облусттук мамлекеттик балык инспекциясынын улук инспектору Эсен Абышев маалымдады. Анын айтымында, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлиги Соңкөлдөн балык кармоого тыюу салган буйрук чыгарган. Себеби, акыркы 10 жыл ичинде Соңкөлдөн балык тынымсыз кармалып, балык кармоочу субъектилердин саны 18ге чейин көбөйүп кеткен. Ошондуктан, Жумгал районундагы Кызарт, Кочкор районундагы Сарыбулак, Шоопурбулак баштаган жерлерде сатылган Соңкөлдүн балыктары «мыйзамсыз кармалып, сатылууда» деп эсептелет.