Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:00

Өзбекстан Кыргызстандын автоунааларынан акча талап кылууну улантууда


БАТКЕН. 19-январда Өзбекстандын Риштан - Сох жолу аркылуу каттаган Кыргызстандын автоунааларынан өзбек бажычылары 300 доллар талап кылып, өткөрбөй коюшканын буга чейин кабарлаганбыз. Өзбек бажычылары мындай шылтоо менен Бүргөндү, Айдаркен, Кадамжай багытындагы автобустарды жана 20 чакты жүк ташуучу автоунааларды 2-3 сааттай кармаган. Сох районунан чыга бериштеги Чечме бажы бекетинде Баткен - Ош каттамындагы автобус да ушундай эле себеп менен 2-3 сааттай кармалган. Баткен облустук бийлигинин, чегара жана бажы кызматтарынын өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана түшкө жуук кырдаал жөнгө салынган. Учурда облус бийлиги бул окуядан улам Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине кат даярдоодо. Катта мындай окуялар дагы кайталана турган болсо кыргыз тарап да тиешелүү чараларды көрөөрү эскертилет. Бул тууралуу маалымат облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 20-январда алынды.
Эсиңиздерге сала кетели, өткөн жылдын этегинде Өзбекстандын өкмөтү Өзбекстан аймагы аркылуу каттаган Кыргызстандын автоунааларынан 300 доллардан жыйым алуу тууралуу токтом чыгарган. Ал 2004-жылдын 9-январынан тартып Ташкен аймагында күчүнө кирип, Баткен-Бишкек каттамындагы автобустар Өзбекстан аркылуу ар бир өткөнү үчүн 300 доллардан төлөй баштаган.

XS
SM
MD
LG