Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

Марат Кайыпов саясий иш-аракеттери үчүн сабалганбы?


БИШКЕК. Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин «Марат Кайыповду сабап кетүүнүн артында эч кандай саясий себептер жок» деген билдирүүсүн четке какты. Мындай пикирин Марат Кайыпов бүгүн «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзбөй туруп, мындай кескин билдирүү жасаш жоопкерчиликтүү мамилеге жатпайт жана мындай билдирүү башка божомолдорду да карап жаткан тергөө ишине тоскоолдук кылышы мүмкүн.
19-январда Кеңешбек Дүйшөбаев «белгисиз адамдар Марат Кайыповду тоноо максатында гана сабап кеткен, кылмышкерлер изделип жатат» деп билдирген. Марат Кайыпов болсо өткөн аптадан бери Бишкек шаарынын №4 ооруканасында дарыланууда.

XS
SM
MD
LG