БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 25тен жогорку жаштагы улуу атуулдар мүчө боло алат. БШКнын мүчөлөрүнүн бир бөлүгүн Кыргыз Республикасынын президент дайындайт, бир бөлүгүн болсо Жогорку Кеңеш бекитет Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы мамлекеттик кызматкер болуп эсептелет. Шайлоонун жыйынтыгы БШКнын үчтөн эки мүчөсүнүн добушу менен кабыл алат.